Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 17:31

Оштун депутаты вице-мэрлерди сындады (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы вице-мэрлердин ишмердүүлүгүнө шаардык кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жыргалбек Тажибаев нааразы. Анын айтымында, иштин көбү мэрге жүктөлүп, вице-мэрлердин иштегени билинбей жатат.

Депутат бүгүнкү сессияда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдындагы жол ушул күнгө чейин жабык турганын мисал келтирди.

«Вице-мэр катары ушул маселени чечсеңиздер болот эле. Унаа токтотуучу жайлардын маселеси да чечилбей келет», - деди эл өкүлү.

Бирок вице-мэр Асылбек Топчубаев депутаттын сөзүнө кошулбай турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×