Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусу 14.03.2018 14:31

Бөрүлүү мезгил: Алайда атылган уургачы карышкырдын ичинен 6 бөлтүрүк чыкты (фото)

Turmush -  Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Суу жайлоосунан малга кол салып жүргөн карышкыр атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, учурда Алай районунда карышкырдын саны көбөйүп, малга кол салуу көп катталууда.

«Биз жыл башынан бери ушуну менен 10 карышкырды аттык. Азыр карышкырлар үйүр болуп, төрттөн, жетиден болуп малга кол салып жатышат. Мындан улам айылдардагы мергенчилер карышкыр атууга чыгышууда. Кечээ, 13-март күнү, Көк-Суу жайлоосунан 1 карышкыр атылды. 11-март күнү Үч-Төбө айылынан 2 карышкыр атылган болчу. 2 карышкырдын бирөөсүнүн ичинен 6 бөлтүрүгү чыкты», - деди Айдаров.

Эртен, 15-март күнү Жошолу айылындагы мергенчилер карышкыр атууга чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×