Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.03.2018 21:25

Ошто адамдар кызыл жарыкты өздөрү күйгүзүп өтүүчү жол чырактар орнотулду

Turmush -  Ош облусунда адамдар мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Маалым болгондой, жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорундагы эл көп чогулган жайларга орнотулду. 11 жол чырактын атайын баскычы бар. Тургундар жолдун бир тарабынан экинчи тарабына өтүү үчүн баскычты өздөрү басып кызыл түстү жандыра алышат.

«Эң негизгиси жол чырактарды адамдар өздөрү башкарып, мындан ары жол чырактын кызыл түсүн өзү жандырып өтө алат. Бул демилгени жергиликтүү бийлик каржылап, ишке ашырган. Анткени аталган аймактарда жол кырсыктары көп болот.Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында жалпы жонунан 99 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 15 адам каза болду. 153 адам ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми өспүрүмдөрдүн катышуусунда 18 жол кырсыгы болуп, 1 өспүрүм каза болгон. 20сы ар кандай жаракаттарды алган», - деди Теңизбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×