Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.03.2018 18:51

Ош—Бишкек унаа жолунун Чычкан капчыгайында кайрадан кар көчкү түштү (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун Чычкан капчыгайындагы 249-чакырымда дагы кар көчкү түштү.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, кар көчкү бүгүн, 14-мартта саат 17:00 чамасында түшкөн. Анын узундугу 30 метр, бийиктиги 5 метрди түзгөн. Учурда №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан техникалар тартылып келип, жолду тазалоо аракети жүрүп жатат.

«Жолду Токтогул РИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери жана взводдун кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат», - дейт ал.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында кечээ, 13-мартта саат 22:40 чамасында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түшкөндүгүн маалымдаган.

«Кар көчкү толугу менен тазаланмайынча Бишкек—Ош унаа жолу ачылбайт, андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек—Ош унаа жолу менен кар көчкү толугу менен тазаланмайынча алыскы сапарга чыкпоону сунуштайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×