Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 19.03.2018 10:09

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Ташмурзаева Ошто айымдарды сулуулап, сезондо 60 миң сомго чейин табат (фото)

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Кара-Жантак айылынын 24 жаштагы тургуну Арафат Ташмурзаева Ош шаарында айымдарды сулуулап, айына 40 миң сомго чейин акча табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган. Учурда визажист болуп эмгектенет.

«Бул кесипти аркалап калышыма сүрөт тартууга жана башка кыздардай эле косметикага болгон кызыгуум түрткү болду. 19 жашымда өзүм үчүн макияж жасоону үйрөндүм. Окуудан бош убакытымда айымдарды сулуулап иштеп жүрдүм. 2015-жылы сулуулук салонго ишке чакырып калышты. Ошондон бери ошол жерде иштеп жатам. 2015-жылы Москвадагы белгилүү визажист Гоар Аветисяндын инстаграммдагы баракчасында окуу курстары жөнүндө окуп калдым. 2016-жылы Аветисяндын администратору менен байланышып, курска жазылдым. Эң жакынкы орун июнь айындагы курста бар экенин айтып, ошол убакытка жазды. Чыдамсыздык менен күткөн кыялдарымдын бири орундалды. Ийгиликтүү адамдардын ийгилиги жугат демекчи толуп ташкан энергия менен Ошко келип, ишимди жаңы ыкмалар менен уланттым. Курста окуп келишиме 130 миң сомго жакын акча кетти.

Башка тармактардагыдай эле сулуулук жаатында да учурдун талабына жараша кызматтардын баасы өзгөрөт. Азыркы учурда макияждын орточо баасы 700-800 сом. Келиндердин макияжы көп убакытты жана жоопкерчиликти талап кылгандыктан 1500 сомдон 2500 сомго чейин болот.

Биздин ишибизде киреше сезонго карап болот. Күз айларында башка айларга караганда көбүрөөк киреше түшөт. Орточо эсеп менен айына 35-40 миң сом киреше алып, сезондо 60 миң сомго чейин киреше табабыз.

Жумушта кызыктуу окуялар бат-баттан болуп турат. Салонго келген кыздарды алып кеткени келген жакындары макияж менен тааныбай өтүп кеткен учурлар көп болот. Жасаган ишим өзүмө аябай жагат. Эң жагымдуу учур — бул макияж жасап бүткөндөн кийин кардардын кубанычын, ыразычылыгын угуу. Келечекте чоң ийгиликтерди багынтып, башкаларды кайталабаган салон ачканга аракет кылам», - деди ал.

Арафат бийкеч үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×