Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуАлай району 21.03.2018 11:37 На русском

Алайлыктар 500дөн ашык тамак-аш бышырып, көргөзмөгө куйкаланган койлорду алып чыгышты (фоторепортаж)

Turmush -  Алай районунун тургундары Нооруз майрамына карата тамак-аштын 500дөн ашык түрүн бышырып, көргөзмөгө алып чыгышты. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, Гүлчө айылындагы 10дөн ашуун жамааттардын ар бири тамак-аштын жүздөн ашуун түрүн жасашкан.

Чоң масштабдагы көргөзмөдөн унутта калган жинди чалай, казан нан, куйкаланган койлорду көрүүгө болот. Ал эми Патилла Эркебаева көргөзмөгө салмагы 15 кг болгон нанды алып келген.

«Биз көп тамак-аш алып келүүгө аракет кылдык. Мен 50 кг казанга 15 кг болгон казан нан бышырып келдим», - деди ал.

Сами Дооронов атындагы музыкалык мектептин мугалими Жамийла Рахманбердиеванын айтымында, алар нан азыктарына кыргыз орнаментин түшүрүп, буудай өндүрүп жана куйкаланган кой алып келген. Ысманов мектебинин жамааты да өзгөчө даярдыкта келишкен. Алар унутта калган жинди чалай, майлама жупка тамактарын жасашты.

Гүлчө айылында жайгашкан стадиондогу Нооруз майрамынын башталышында аким Ильяз Ташкулов жалпы элди куттуктап, райондогу жетишкендиктер тууралуу айтып өттү. Учурда майрамдык салтанат улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×