Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 23.03.2018 14:55 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндүк А.Шадманов күнөсканада 4 тоннага чейин помидор өстүрөт (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Акжол Шадманов 3 жылдан бери күнөскана иштетип, помидор менен бадыраңдын көп түшүм берүүчү түрлөрүн өстүрүүдө. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алып, күнөскананы кеңейтүүгө да жетишкенин аймактык кабарчыга билдирди.

3 жыл мурун 3 сотых аянтка күнөскана куруп баштаган ишкер учурда 15 сотык жерди иштетүүдө.

«Алгач 3 сотых жерге помидор, бадыраң эгип баштагам. Күнөсканадан алынган түшүм жакшы болгондуктан, акырындык менен чоңойтуп жатам. Помидорлордун көчөтүн күнөсканага декабрь айында отургузгам. Биз помидордун аламина, сабина деген түрлөрүн, ал эми бадыраңдын арзуу деп аталган сортун өстүрөбүз.

3 сотых жерге 1000 түп помидор эгилет. Ар бир түбүнөн 3-4 кг помидор алабыз. Орточо 3 сотых жерден жылына 3-4 тонна помидор алууга болот», - деди дыйкан.

Күнөскананы иштетүү көп эмгекти талап кылат. Кышкысын 15 сотыхтагы күнөсканага күнүгө 500-600 кг көмүр жагып жатканын кошумчалады.

«Помидор жакшы өсүүсү үчүн күнөскананы бирдей температурада кармоо зарыл. Көчөткө 2 ай болгондо жип менен байлап чыгабыз. Учурда күн жылып, көмүр үнөмдөлүп жатат. Помидорлор атайын тамчылатып сугаруу жолу менен сугарылат», - деди А.Шадманов.

Акжол мырза 29 жашта. Дыйканчылык ишине жубайы да каралашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×