Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАраван району 23.03.2018 18:45

Суу бизнеси: Гүлбаар айылынын тургундары 1 тонна сууну 700 сомго сатып ичишет (фото)

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылына арык аркылуу да суу берилбей калды. Айылдыктар 1 айдан бери суунун тоннасын 700 сомдон сатып ичүүгө аргасыз болууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу токтогондон бери унаасы барлар Ош шаарынан суу алып келип, жергиликтүүлөргө сатып жатышат. Ушундай эле көрүнүш Жаңы-Жол айылында да бар.

Жергиликтүү тургундардын бири Тешалы Эргешовдун айтымында, жыл сайын тазалоо иштерине байланыштуу Араван каналынан суу келбей калат.

«Суу таңкыстыгы март айында башталат. Айласыздан шаарга жакын Кеңеш айылынан ат арабалар, унаалар менен суу алып, күнүбүздүн жарымын суу ташуу менен өткөрүп жатабыз», - деди ал.

Ал эми Сапарбек Жолбаев таза сууга эмес арыктагы сууга да жетпей жатканын айтты.

Буга чейин аталган айылдарга таза суу чыгаруу үчүн суу түтүктөрү тартылып, бирок суу туздуу болуп пайдаланууга жараксыз болуп калган.

Аталган айыл өкмөттө жалпы 11 миң калк бар. Анын 9 миңге жакыны таза суу менен камсыз болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×