Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 24.03.2018 11:56 На русском

Өзүнүн кылмышын өзү иликтеген айдоочу: Кара-Сууда 80 жаштагы карыяны өлтүрө сүзгөн шектүү кармалды

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда 80 жаштагы карыяны өлтүрө сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды.

Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашкандай, аталган окуя 22-мартта болжол менен саат 21:00 чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Правда айылынын кире беришинде катталган. Жол кырсыктын кесепетинен жергиликтүү тургун оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон.

Бул окуя боюнча Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары ошол эле Правда айылынын 45 жаштагы тургуну кармалган. Учурда шектүүнүн «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү автоунаасы айып төлөөчү жайга токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү делген тургун жол кырсыгынын кандай болгондугуна кызыгып, жол тескөөчүлөр менен чогуу жүрө берген. Кийинчерээк анын кырсыкка күнөөлүү экендиги байкалып кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×