Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ноокат 24.03.2018 20:01

Ноокатта 10 млн сомдон ашык каражатка курулган спорт зал пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Ноокат шаарында 10 млн сомдон ашык каражатка жаңы курулган спорт зал ачылды. Ноокат шаардык мэриясынан билдиргендей, бүгүн, 24-мартта Ноокат шаарынын Барын кварталындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебине жаңы курулган спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү. Ага ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, шаар мэри Ж.Нурдиновдор катышты.

Спорт залдын пайдубалын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты ажыратылып берилген. Аны толугу менен бүткөрүү үчүн республикалык бюджеттен тендер жарыяланып, аны утуп алган ишкана тарабынан 9 млн 527 миң сомго бүткөрүлдү.

Аталган мектептин окуучулары баскетбол боюнча облустук, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×