Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Фото — Кара-Кулжада жер көчкү жылып, 2 айылдын тургундары суусуз калды

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл аймагында эски жер көчкү 1-1,5 метрге жылып, суу түтүктөрү жарактан чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-Май айылындагы Алайчы-Ата көпүрөсүнүн жанында 25-30 метр куб жер көчкү жылган. Анын кесепетинен Кара-Кулжа жана Биймырза айылдарын (3446 турак үй, 18491 жаран бар) таза суу менен камсыз кылуучу суу түтүктөрү жараксыз абалга келди.

Учурда жер көчкү 3 даана электр мамыларына жана ички чарбалык жолго коркунуч жаратууда. Жер көчкү айылдан 500 метр алыстыкта жайгашкандыктан тургундарга коркунуч жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1171
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×