Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуАлай району 30.03.2018 17:56

Алайда кооптуу аймактан көчпөй жаткан үй-бүлөлөргө сот чечими чыкты

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө кооптуу аймакта жашаган 13 үй-бүлө мамлекеттен жер тилке жана ссуда алышкан. Бирок алар азыркы күнгө чейин кооптуу аймакта жашап жатат.

Учурда район боюнча 507 жаран кооптуу аймакта жашайт, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай району боюнча бөлүмүнүн башчысы Жумабай Калдыбаев. Анын айтымында, 11 үй-бүлөнү мажбурлап көчүрүү боюнча соттун чечими чыккан.

«Алай районунда 406 турак үйдүн ээлери мамлекеттен жер, ссуда алган, ал эми 97 үй-бүлө мамлекеттен эч нерсе алган эмес. 4 үйдүн ээси мамлекеттен жер алган, бирок берилген жер дагы кооптуу деп табылган. Жалпы кооптуу аймакта жайгашкан 507 үй бар.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнөн 13 үй-бүлө мамлекеттен жер, ссуда алып, бирок көчүп чыкпаганына байланыштуу иш сотко берилген. Бирок 2 үй-бүлө соттун чечими чыкканга чейин көчүп чыгышты. Ал эми 11 үй-бүлөнү мажбурлап чыгаруу боюнча соттун өкүмү чыкты. Мындан сырткары 4 айыл өкмөткө 50 чатыр тигилип, 11 үй-бүлө жайгаштырылган. Ал эми 39 үй-бүлө көчүп чыгууга даярданып жатышат. Мындан сырткары 47 үй-бүлө туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн», - деди Ж.Калдыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×