Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Алайкуудагы кесиптик лицейдин директорунун тарапташтары тергөөнүн жүрүшүнө нааразы (видео)

Turmush -  Бүгүн, 2-апрелде АКИpress-Ошто Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагындагы кесиптик-техникалык окуу жайдын директорунун айыпталышы боюнча жакындары маалымат жыйын курушту. Алар тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө нааразы.

АКИпресс-Ош

Орун басарын ур-токмокко алып, майып кылды деп айыпталып жаткан Турсунбек Аматовдун жубайы Анара Аттокурова окуяда күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин айтты.

«Азыркы учурда оор абалда төшөктө жаткан адам менен катташчубуз. Ал менин күйөөмдүн жакын досу. Алар №109 кесиптик техникалык окуу жайда бирге иштешкен. 2017-жылдын март айында алар конок тосушкан. Коноктор кеткенден кийин алар да үйлөрүнө кетип, кийин Б.Супатаев ооруп жатып калган. Аны оруканага алып барганда мээсине кан куюлуп кеткени белгилүү болгон. Бирок аялы менен агасы директор урган деп алдап, милицияга арыз жазып коюшкан. Ошол күндөн бери биздин үстүбүздөн арызданып, күнөөсүз адамды куугунтуктап жатышат. Жолдошум азыр ооруканада жатат. Ким арызданса эле ошонун айтканы туура боло береби?

Тергөөчү өзү билемдик менен тергөөнү жүргүзүп жатат. Жаңы ачылган жагдай деп, тааныбаган эле адамдарды күбө кылып тергөө жүргүзүп жатат. Мурда көрсөтмө бергендердин бири дагы жок», - деди ал.

Күнөөлүү делген Т.Аматовдун карындашы Гүлипа Аматова жабыркады деген тарап көп суммадагы акча талап кылып жатканын белгиледи.

«Менин агам 2-топтогу майып, жасалма бут менен жүрөт. Жабыркаган адам орун басары болуп турган. Анын жакындары директор таяк менен уруп, ичине тепкен деп арызданып жатат. Майып адам кантип тебет? Тергөөчүлөр дагы ушул сөздөрдүн негизинде айыптап жатышат. Экспертизада таяк жеген адамдын денесине залал келбегени аныктылган. Ошого карабастан тергөөчү дагы жалган көрсөтмөлөрдүн негизинде агама иш козгогон. Мындан сырткары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен күнөөлөп жатат. Тергөөчүдөн акыйкат териштирүүнү сурансак жарашып алгыла деп сунуштайт. Жабыркагандар бизге 1 млн сом акча же шаардан 2 бөлмөлүү үй алып бергиле деп талап коюшту. Бизде 1 млн сом жок. Тергөөчү ишти акыйкат териштирсе ачыкка чыкмак», - деди Г.Аматова.

АКИпресс-ОШ

Кесиптик техникалык окуу жайдын директорунун үстүнөн түшкөн арыз алгач Кара-Кулжа районунда каралган. Кийин Ош облустук ички ичтер башкармалыгына котурулган. Учурда Ош ОИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Жалган көрсөтмө берди делген Мухаммед Айдаровдун апасы Кайрынса Айдарова баласы мас абалда көрсөтмө бергенин, аны атайлап уюштурушканын айтууда.

«Менин балам өзү тааныбаган адамдарга көрсөтмө бергенин угуп калдым. Кийин баламдан сурасам "апа, мас абалда билбей көрсөтмө берип койдум" деди. Адамдар суранышты эле деп айтты. Баламдан окуядан бир жыл өткөндөн кийин көрсөтмө алышыптыр. Балам да ооруп жүргөндүктөн айткан сөздөрүн өзү билбей калат», - деди К.Айдарова.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев мушташ боюнча тергөө бүтүп, иш сотко жөнөтүлүп жатканын билдирди.

«Бул иш алгач Кара-Кулжа РИИБде каралган. Кийин күнөөлөнүп жаткан тарап тергөөгө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, материалдар облустук башкармалыкка өткөрүлүп берилген. Күбөлөр ар түрдүү көрсөтмө бергендиктен тергөө созулуп кетти. Күнөөлүү тараптын айыбы 20-февралда угузулуп, иш сотко жөнөтүлүп жатат. Тергөөчү жеке чечим кабыл албайт. Эгер нааразы тараптар болсо башка укук коргоо органдарына кайрылса болот», - деди Ашырбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1223
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×