Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Гүлбаар айылынын эли эми таза сууну сатып албайт

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылына таза суу берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Сүйүн Гүлжигитов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Араван каналы тазаланып, тургундар таза суу менен камсыздалды.

«Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундарына суу берилди. Ак-Буура-Араван каналын тазалоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулган болчу. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар таза сууну сатып алып жатышканын айтышып, нааразы болушкан. Суу сатылган эмес. Болгону суу алып келген унаанын күйүүчү майы үчүн акча төлөшкөн», - деди ал.

Буга чейин Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундары таза сууну сатып ичип жатканын айтып чыгышкан эле. Айылдыктар суунун тоннасын 700 сомдон сатып ичүүгө аргасыз болушкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу токтогондон бери унаасы барлар Ош шаарынан суу алып келип, жергиликтүүлөргө сатып жатышкан. Ушундай эле көрүнүш Жаңы-Жол айылында да болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 647
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×