Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Алайдын Жаңы-Арык айылында алгачкы жолу таза суу чыгарылат

Turmush -  Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылында алгачкы жолу таза суу чыгаруу иштери башталды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Абдибап Исмаилов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар сууну Отуз-Адыр каналынан ташып ичишет.

«Бул айылда илгертеден эле таза суу чыгарылган эмес. Өткөн жылы таза сууну Сары-Колот айыл өкмөтүнөн тарттырып баштаганбыз. Республикалык бюджеттен былтыр 1 млн 900 миң сом бөлүнүп берилсе, быйыл 3 млн сом бөлүндү. Таза суу чыгаруу үчүн жалпы 8,5 млн сом каралган. Учурда жергиликтүү тургундар сууну Отуз-Адыр каналынан ташып ичип жатышат. Каналда суу токтоп калганда сууну унаалар менен ташып келебиз. Андай учурда тургундар сууну сатып ичишет», - деди айыл өкмөт башчысы.

Учурда таза суу чыгаруу иштери менен «Жолдош курулуш» жоопкерчилиги чектелген ишканасы алектенип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×