Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ноокат 04.04.2018 17:58 На русском

Леонардо Ди Каприонун портретин тартып, ак илбирстин айкелин жасаган ноокаттык окуучулар 70 миң сом менен сыйланды (фото)

Turmush -  Ноокат шаарындагы Ноокат райондук көркөм сүрөт интернатынын 9-классынын окуучулары белгилүү актер Леонардо Ди Каприонун портретин тартып жана ак илбирстин айкелин жасап, республикалык кароо-сынакта 1-орунду багындырышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, аталган окуучулар жыл сайын акча жумалыгына карата өткөрүлүүчү сүрөт көргөзмөсү боюнча республикалык сынакка катышышкан. Сынакта жеңүүчү болгон окуучулар 70 миң сом менен сыйланышты.

Айкел гипс, чопо жана топурактын аралашмасынан 1 айдын ичинде жасалган. Окуучулардын эмгектери белгилүү кино жылдызы, Дүйнөлүк ак илбирсти коргоо уюмунун жетекчиси Леонардо Ди Каприого жөнөтүлүп жана дүйнөлүк кароо-сынактарга коюлуусу күтүлүүдө.

Аларга мындай өзгөчө эмгекти жасоого Ноокат райондук көркөм сүрөт интернатынын жетекчиси Иса Алимбеков жана Мамарасул уулу Нурсейит түрткү берген. Окуучулар акчалай сылыкка интернатка компьютер сатып алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×