Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 05.04.2018 15:44

Кара-суулуктар терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-апрель күнү Кара-Суу шаарында «Биз терроризмге каршыбыз!» урааны менен миңге чукул жаштар жөө жүрүшкө чыгышты.

Кара-Суу шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаштар «Биз терроризмге каршыбыз!», «Экстремизм, терроризм ислам эмес!», «Жаштар терроризмге каршыбыз!» деген ураан менен Кара-Суу шаарын айланып чыгышты. Ошондой эле жөө жүрүшкө Кара-Суу шаарынын мэри Кутугалы Козубаев, Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева жана Кара-Суу РИИБдин жетекчисинин орун басары, Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси М.Акматалиев, УКМК кызматкерлери жана бир катар жетекчилер да чыгышкан.

Мэр жөө жүрүштүн максатын айтып, жаштар жана тургундар экстремизм менен терроризмге каршы экенин белгиледи.

«Жөө жүрүштүн негизги максаты эл арасында диний экстремизмдин коркунучун түшүндүрүү, мектеп окуучулардын арасында ата-энелери менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу. Ошондой эле диний экстремизм, терроризм жана Сирия мамлекетиндеги куралдуу согуштарга кошулуп жаткан жарандар менен түшүндүрүү иштерин алып баруу, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү максатын көздөдүк», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×