Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Видео - Өзгөндүк тургундун короосундагы кой 5 козу тууду

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски Покровка айылында жашаган Кенжебай Узакбаевдин короосундагы кой 5 козу тууду. Бул тууралуу Кенжебай Узакбаевдин жубайы Жумагүл Узакбаева кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бул кой буга чейин эки-үчтөн козу тууган.

«5 козу 3-апрель күнү туулду. Ага чейин жолдошум бул кой быйыл дагы 3 козу тууйт деп болжолдоп жаткан эле. Кой козуларын толук тойгуза албагандыктан, кошумча сүт берип жатабыз. Бүгүн дагы бир коюбуз эгиз тууду. Алардын породасы гиссар эмес, жергиликтүү эле тукумдан», - деди Ж.Узакбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3831
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×