Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Ноокатта маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн тойго айлантпоого чакырык жасалды

Turmush -  Ноокат шаарында маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн тойго айлантпоого чакырык жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрельде Ноокат шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда Ноокат шаарынын дин кызматкерлери жана Ноокат шаар мэриясынын социалдык иштер боюнча кызматкерлери шаар тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча маселе талкууга алынган.

«Өлкөбүздүн айрым жерлеринде маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз салттар аткарылып, ыксыз чыгымдар болуп кетүүдө. Маркумду узатууда тойго айланып кеткен көрүнүштөрдөн оолак болуу зарылдыгы айтылды. Ислам дининде көрсөтүлгөн тартипте, шарият көрсөткөн жол менен акыркы сапарга узатууга чакырык жасалды», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1669
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×