Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуНоокат району 10.04.2018 10:09 Жаңыланды: 10.04.2018 10:21

Бостон айылындагы чыр: Кыз-жигитти сабаган 15 шектүү кармалды, - ОИИБ

Turmush -  Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылындагы 3 факты боюнча кылмыштарга шектүүлөрдүн баары бир топтогу балдар болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Учурда бул иштер Ош облустук тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жатат.

Маалым болгондой, 32 жаштагы Ахмадулло Абдикадыровдун өлүмүнө, 23 жаштагы Розумухамаддын жана аны менен сүйлөшүп отурган кыздын сабалышына жалпы 15 бала шектелип жатат. Шектүүлөрдүн жетөө убактылуу кармоочу жайга кармалып, үчөө үй камагына чыккан. Калган 5 шектүүгө издөө жарыяланды.

32 жаштагы А.Абдикадыровдун сабалышы боюнча алгач бейбашчылык боюнча иш козголуп, ооруканада каза болгондон кийин иш оор беренеге алмаштырылды. Ал эми кыз-жигиттин сабалышы боюнча бейбашчылык боюнча иш козголгон.

Ахмадулло Абдикадыровдун өлүмү

Буга чейин 6-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Ноокат шаарынын Гүлистан аймагынын Бостон айылына барган 32 жаштагы адам жергиликтүү 2 жигит тарабынан сабалып, оор жаракаттын кесепетинен каза болгондугун кабарлаган.

Маалым болгондой, маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү 2 жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумган.

Бул окуяга шектүү катары Бостон айылынын 19-21 жаштагы 2 тургуну кармалып, сот аларды 1 айга убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган.

Бирок маркумдун атасы Анвар Абдикадыровдун айтымында, уулунун каза болушуна кыз менен жолуккандыгы себеп болгон эмес. Анын айтымында, баласы 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында сабалып, 5-апрель күнү ооруканада каза болгон. Буга чейин анын өлүмүнө кыз менен жолуккандыгы себеп деген маалыматтар тараган.

«Балам 32 жашта болчу. Бойдок эмес, 3 баласы бар. Ал Бостон айылына кыз үчүн барган эмес. Баламды өтө катуу сабашкан. Бизге эмне себептен токмоктолгонун да айта албай кетти. Баламдын артынан ушул күнгө чейин бир да арыз түшкөн эмес. Анын өлүмүнүн башка бир сыры бар», - деди атасы.

Каза болгон Ахмадуллонун айылдаштары анын өлүмүнө башка себеп болушу мүмкүндүгүн, 29-март күнү Россияга учпай, аэропорттон артка кайтканын билдиришти. Ахмадулло ошол түнү Бостон айылына барып токмоктолгон.

Розумухамаддын сабалышы

Окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн. Учурда жабырлануучу дарыланып жатат.

Топ балдар жалгыз жигитти ур-тепкиге алганы видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукка белгилүү болду.

Turmush басылмасынын кабарчылары 9-апрелде жабырлануучу — Гүлистан айылынын 23 жаштагы тургуну Розумухамад менен маектешти. Ал аёосуз кол салуунун себебин түшүнбөй жатканын айтты.

«Үйлөнүү максатында кыз издеп жүргөм. Бостон айылында жашаган кыз менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп жүрүп, ошол күнү биринчи жолу жолуктук эле. Ал менден автоунаа менен айтылган дарекке жеткирип коюуну суранды. Жолдо баратсак топ балдар токтотуп, сабап башташты. Колдорума тактай менен урушту. Мен окуядан кийин кайра өзүм барып, видеону интернетке жарыялабоону сурандым. Сүйлөшөлү десем да келбей коюшту. Мени сабагандардын бири Якутияга кетип, видеолорду ошол таратты.

Эми алар мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Туугандары кечирим сурап келип жатышат. Мен алардын мыйзам алдында жоопко тартылуусун каалайм. Мен видео тараганга чейин эркекчилик кылып эч кимге айткан эмесмин. Ал эми ошол айылда токмоктолуп каза болгон жигиттин окуясы менен менин сабалышымдын байланышы жок», - деди Розумухамад.

Анын жакындары чырга башка себептер болушу да мүмкүн экенин, ур-токмокко алгандардын арасындагы башкы шектүүлөр Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин белгилешти. Ошондой эле сабалган баланын бир туугандары ал бостондук кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтар чындыкка дал келбесин айтышкан. Ал эми Розимухамаддын атасы Ахмаджон Азимов уулу окуяны жашырганын, ошол себептен милицияга убагында кайрылбаганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×