Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кара-Сууда студенттерди ташып бара жаткан унаа оодарылып кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы ашууда студенттер бара жаткан автоунаа кырсыкка учурап, 3 студент ооруканага жеткирилди. Жаракат алгандардын бири Ош шаардык оорукасында дарыланып жатканын ооруканадан тастыкташкан.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 5-апрель күнү саат 16:30 чамасында Ош—Папан жолунун 3-чакырымында «Хонда Цр-в» үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кеткенин билдирди. Кырсыктын кесепетинен 4 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ооруканага 3 студент оор абалда барып, алардын бири эс-учун (кома) жоготкон. Учурда анын абалын шаардык ооруканадагы дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Ал эми айдоочунун акырегине операция жасоо пландалып жатса, үчүнчү студент да жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Кырсыкка учураган студенттер ОшМУнун медицина факультетинин студенттери экенин проректор Түмөнбай Колдошов тастыктап, окуя иликтене турганын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 990
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×