Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Уулдары Сириядагы согушка барган кара-суулук ата-энелер жердештерин азгырылбоого чакырды

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында терроризмге каршы жөө жүрүш уюштурулуп, андан кийин балдары Сириядагы согушка барган ата-энелер сөз сүйлөштү. Алар жашоочуларды ар кандай чакырыктарга азгырылбоого чакырды.

Сарай айылынын Кең-Сай айылынын Ибадат аттуу тургунунун уулу 3 жыл мурун дайынсыз жоголгон. Ага уулу Сирияда экенин УКМКдан кабарлашкан.

«Биз уулумдун кайсыл жакка кеткенинен кабарыбыз жок эле. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келип, уулум Сирияда экенин айтышты. Анын кеткенине 2-3 жыл болуп калды. Уулум 24 жашында жоголгон. Ал кеткенден кийин 1 жыл ооруп, төшөктө жаттым. Уулумдун бул жакта жубайы, 3 баласы бар. Намаз окучу эле, бизге телефон чалып Түркияда экенин айткан. УКМКдан анын Сирияда жүргөнүн билгенден кийин бизге эки жолу телефон чалып, бирок аны менен сүйлөшкөн жокпуз», - деди ал.

Ал эми Кара-Суу районунун дагы бир тургуну Муктаржандын уулу менен келини Сирияга барып келишкен. Алар кайтып келгенде уулу 15 жылга кесилип, келини 5 жылга үй камагына алынган.

«6 балам бар, алардын ичинен төртөө уул болсо, экөө кыз. Уулумдун Сирияга кетип калганын билген эмесмин. Ал Түркияда иштеп, жубайы менен балдарын чакырган болчу. Көрсө алар ошондо эле Сирияга өтүп кетишиптир. Аларды Түркия Кыргызстанга өткөрүп берди. Былтыр январь айында сот болуп, уулум 15 жылга кесилди. Келиним 5 жылга үй камагына алынды», - деди ал.

Сарай айыл өкмөтүндө 22 миң 270 адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1227
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×