Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Оштун башчысы Өзгөндөгү суу каптап жаткан айдоо аянттарында болду (фото)

Turmush -  Өзгөн районунда нөшөрлөп жааган жаандан кийин Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерин суу каптаган аймакка өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов барды.

Аймактык кабарчынан маалыматына караганда, облус башчысы райондук бийлик менен ӨКМдин жергиликтүү бөлүмдөрүнө абалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берди. Өзгөн районунун акими Бактыбек Болбуров жол башкармалыгынан, суу чарба департаментинен техникалар тартылып, суунун агымын буруу аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Учурда аталган аймакта ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.

ӨКМдин маалыматына караганда, Баш-Дөбө айыл аймагынын Кара-Дарыя №1 тилкесиндеги Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесиндеги 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 га жерин суу каптап кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 554
Көп окулду
×