Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 12.04.2018 12:23

Кара-Сууда «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгондордун саны 161ге жетти, - милиция

Turmush -  Кара-Суу районунда диний экстремистик жана террористик уюмдарга мүчө болгон жарандардын саны башка райондорго салыштырмалуу көбүрөөк. Бул тууралуу кечээ, 11-апрелде Сарай айыл өкмөтүндө уюштурулган жыйында айтылды.

РИИБдин экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Омошовдун айтымында, «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрүнүн саны кескин түрдө көбөйүп жатат.

«Бул жаатта тыкыр иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чара жаштардын экстремисттик агымдарга кошулуусун алдын алуу үчүн уюштурулду. 2017-жылы 238 адам Сирияга кеткени аныкталган. Быйылкы жылдын 3 айында дагы бир факты белгилүү болду. 2015-жылы Москвада иштеп жүрүп Түркия аркылуу Сирияга кеткен 4 жаран аныкталган. Сирияга кеткендердин ичинен 48 өспүрүм ата-энеси менен барган. 242 жарандын ичинен 27 адам Кыргызстанга кайтып келген. Алардын негизги бөлүгү эмгек мигранты катары Орусияга иштегени барып, андан ары Сирияга өтүп кеткендер болуп эсептелинет. Кайтып келген 27 адамдын ичинен 16сы абак мөөнөтүн өтөп бүткөн. Алардын арасында 3 өспүрүм бар. Ал эми Сарай айыл өкмөтүнөн Сирияга кеткендердин саны 24 адамды түзөт. Алардын ичинен кайтып келгендер жок», - деди ал.

Р.Омошов Кара-Суу районунда «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгондордун саны 161 адамга жеткенин кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө райондо эң коркунучтуу «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгондордун саны өсүп жатат. Бул уюмга кошулгандардын саны 161ге жетти. Ошондой эле «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрүнүн саны да кескин түрдө өсүп жатканы байкалууда. Быйыл булардын үстүнөн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, экстремисттик уюмдун 11 мүчөсү аныкталды. Алар жоопко тартылып, жазасын өтөп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×