Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 12.04.2018 11:13

Алайда «Шайыр апалар» кароо-сынагы башталды (фото)

Turmush -  Алай районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөттөр аралык «Шайыр апалар» кароо-сынагы башталды.

Маалым болгондой, алгачкылардан болуп Залкар Каримов жетектеген Будалык айылынан жана Кеңеш уулу Бектурсун жетектеген Алай айыл өкмөтүнөн келишкен шайыр апалар райондук маданият үйүндө күч сынашты. Салт-санаалардан Будалык айыл өкмөтүнүн шайыр апалары балага ат кою аземин көрсөтүшсө, Алай айыл өкмөтүнүн шайыр апалары жаңы келген келинге депкир карматып, үйдүн казан-аягына аралашуу аземин көрсөтүштү. Бул сынакта Алай айыл өкмөтүнүн шайыр апалары бир топ артыкчылыктарын көрсөтүп, алдыга оозуп чыгышты.

Ал эми кароо-сынакты көрүүгө Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Бактыбек Осмонов келип, Аймактарды өнүктүрүү жылында өтүп жаткан мындай иш-чарага, эл арасынан чыккан шайыр апалардын талантына баа берип, ийгилик каалап өттү.
Эмки кароо-сынактын кезеги Сары-Могол жана Бүлөлү айыл өкмөтүнүн шайыр апаларына берилди.

Райондо 14 айыл өкмөт бар, кароо-сынакка экиден айыл өкмөтү белгиленген 9 номинация боюнча ат салышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×