Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 12.04.2018 16:42

Президент С.Жээнбековдун кичи мекенинде 2,4 млн сомго курулган сейил бак ачылды (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында «Сейил» эс алуу паркы ачылды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Канполот Тутуев билдирди.

Анын маалыматына караганда, 11-апрелде Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылынын борборунда жайгашкан 1 гектарга жакын жер аянтты ээлеген «Сейил» эс алуу багынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев баштаган жетекчилер, район акими Пиримберди Дыйканов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Сейил» эс алуу багын курууга жана көрктөндүрүүгө 2 млн 400 миң сом акча каражаты жумшалган. Сейил багынын борборуна биринчи жолу оргума, олтургучтар, таштанды таштоочу үкөкчөлөр орнотулуп, карагайлар, гүл, арча жана башка бак-дарактар олтургузулган. Ошондой эле, газон себилип, сейил бак толугу менен курчоого алынып тосулган.

Сейил бак аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жана элге жакшы шарт түзүү максатында курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×