Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуНоокат району 12.04.2018 22:00

Ноокатта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге майып арабалар тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-апрелде Ноокат районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 22 адамга майып арабалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, майып арабалар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилди. Араба алгандардын арасында 2 жаш бала бар. Майып арабаларды райондун акиминин орун басары Н.Козуев менен Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Равшан Мурзаев тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×