Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусу, Ош 13.04.2018 16:00

Ошто өзбек президенти келген учурда жардыруу уюштурууну пландоого шектелген адамдын иши сотто каралууда

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келген убакта жардыруу пландоого шектелген адам 15 жылга кесилип, иши Ош облустук сотунда каралууда.

Маалым болгондой, Ош облустук сотунда террористтик уюмдардын мүчөсү делген Кара-Суу районунун тургунуна козголгон кылмыш иш боюнча соттук кароо уланууда. Ош шаардык соту шектүүнү 2017-жылдын 30-декабрында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 27-226-беренелери жана 241-299-беренелери менен күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Өкүмгө нааразы болгон тарап Ош облустук сотуна кайрылган. Алар шектүүнү күнөөсүз камалганын айтышууда.

Маалым болгондой, шектүү «Жамаат-Таухид ва жихад» эл аралык террористтик уюму менен тыгыз иштешкени айтылат. Ал 2017-жылдын сентябрь айында террористтер менен байланышта болуп, Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарында жардыруу уюштурууну пландаштырган. 2017-жылдын 3-сентябрында шектүү кармалып, үйүн тинтүү учурунда жардыруучу зат табылган. Бирок шектүү өз көрсөтмөсүндө террористтик уюмдардын мүчөсү эместигин жана Өзбекстандын президентти келген убакта жардыруу пландаштырбагандыгын билдирген.

Өзбек президентти Бишкекке 2015-жылдын 5-сентябрында келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×