Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ошто ишкерлерди ири суммадагы акчага алдап кеткен адам 9 жылга камалды

Turmush -  Ош шаарындагы ишкерлер менен акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлеринен ири суммада акча алдап алып, качып кеткен С.Владимир аттуу адам Ош шаардык соту тарабынан 9 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Ош облустук сотунун маалыматына караганда, С.Владимир 22-мартта Ош шаардык сотунун өкүмү менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде 2 эпизод менен күнөөлүү деп табылган. Ушул эле кодекстин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 9 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөө чечими чыгарылып, мүлкү конфискациялаган.

Соттолуучу С.Владимирден жабыр тарткан төмөнкү адамдарга акчалары кайтарылып берүү көрсөтүлгөн.

- К.Ж.га — 2 462 064 сом;

- И.Б.га — 3 646 350 сом;

- Г.Н.га — 3 739 125 сом;

- Б.Б.га — 747 825 сом;

- М.К.га — 7 535 170 сом;

- А.К.га — 3 772 875 сом;

- М.Н.га — 1 121 737 сом:

- С.Л.га — 2 524 281 сом;

- И.Б.га — 2 388 174 сом;

- З.В.га — 700 000 сом өндүрүлүп алуусу көрсөтүлгөн.

Өкүм соттолуучу тарабынан даттанылган жана аппеляциялык тартипте Ош облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуу боюнча соттук коллегиясында каралмакчы.

Буга чейин маалымдалгандай, Владимир өткөн жылы Россиянын Томск шаарында кармалган. Кийинчерээк Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 784
Көп окулду
×