Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Кара-Суунун Тээке айылында 37 млн сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр, Мады, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл өкмөттөрүндөгү айылдарда 6 мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Алардын ичинен биринин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилгенин айыл өкмөт башчылары билдирди.

Маалым болгондой, Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылында 120 орундуу мектеп пайдаланууга берилип, бирок расмий ачылышы боло элек. Аталган мектептин директору Ниязбек Мойдуновдун айтымында, курулуш иштерине 37 млн сом акча жумшалган. Мектепте 6 окуу бөлмөсү, компьютердик класс, китепкана, ашкана жана усулкана бар. Ошондой эле, спорт зал, спорттук аянтча курулган. Мындан тышкары, имараттын жертөлөсү музыка жана дене тарбия сабактарын өтүүгө ыңгайлаштырылып салынган. Ал эми аны жарыктандырууга Мады айыл өкмөтүнөн 256 миң сом бөлүнүнүп берилген.

Учурда Нариман айыл өкмөтүнүн Каратай айылында 275 орундуу мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Курулуштун биринчи баскычы жыйынтыкталды. Мектепти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Ошондой эле Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жарбоз айылына 225 орундуу мектеп курулуп жатат. Курулуш иштерине 40 млн 720 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул мектеп быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Ушул эле айыл аймактагы Кайрагач айылына 64 млн 227 миң сомдук мектеп салынып жатат. Ал 275 орунга ылайыкталган.

Мындан тышкары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө жана Жаңы-Суу айылында 2 мектептин курулушу жүрүүдө. Жаңы-Суу айылында 370 орундуу мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Калган курулушуна 10 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Кара-Дөбө айыл өкмөтүндө 370 орундуу мектептин пайдубалы түптөлүп, бирок курулушу токтоп турат. Аталган эки мектептин курулушу кайсы убакта бүтө турганы белгисиз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2014
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×