Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ошто табылган 1,5 метрлик кумура техниканын жоктугунан музейге өткөрүлө элек (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 12-апрелде Ош шаарынын Ишкаван айылында курулуп жаткан үйлөрдүн биринде саркынды суулардын чуңкурун казуу учурунда бийиктиги 1,5 метрлик кумура табылды.

Кумараны таап алган усталардын бири Бегали Дубанаевдин айтымында, алар табылганы музейге тапшыруу үчүн сындырбай казып алышкан. Кумуранын салмагы болжол менен 100 килограммды түзөт.

«Аны таап алганда алгач тандыр деп ойлодук. Көбүрөөк казгандан кийин кумура экендиги билинди. Дароо үйдүн ээсине байланышсак, кумураны сындырбай казып, музейге тапшырууну айтты. Кумуранын бир жагында таш болгондуктан бир аз сынып калды. Калганын сындырбай казып алдык. Андан кийин Сулайман-Тоо музейине кабар бергенбиз. Бирок алар бүгүн да келишкен жок. Биз алардан акча талап кылган жокпуз. Кумураны алып кетишсе курулушту уланта бермекпиз»,- деди Б.Дубанаев.

Табылган кумура суусундук куюлуучу идиш катары колдонулган болушу мүмкүн. Анткени анын ичинен суу ичүүчү чөмүчтүн сыныктары табылган.

Ал эми Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин экспонаттарды сактоочу кызматкери Манзура Жуманазарова кумураны алып кетүүгө техника жок экенин билдирди.

Анын айтымында, музейде чоподон жасалган буюмдар көп болгондуктан табылган кумура өтө баалуу буюм болуп эсептелинбейт.

«Биздин музейде коло доорундагы табылган буюмдар абдан баалуу болуп саналат. Кечээ табылган кумараны сүрөттөн көрдүм. Ал Кокон хандыгынан кийин жасалган кумараларга окшоп кетет экен. Бизде чоподон жасалган буюмдар көп болгондуктан мындай кумаралар өтө деле баалуу болуп эсептелбейт. Ошондой эле анын канчанчы кылымга таандык экенин аныктай турган археолог жок. Табылган табылгалар тарыхый буюм болуп саналат. Бизге аталган кумураны таап алгандар сатыла турганын айтышты. Табылганы сатып алганга каражат жана жүктөп келүү үчүн техника жок», - деди М. Жуманазарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1581
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×