Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуАраван району 14.04.2018 12:44 Жаңыланды: 14.04.2018 16:41

Араванда америкалык ырчы Жина Чавестин концерти уланууда (видео)

Turmush -  Бүгүн, 14-апрелде латиноамерикалык ырчы, фольклордук ырлардын аткаруучусу жана композитор Жина Чавес (Gina Chavez) Араван районундагы А.Навои атындагы мектепте концерт тартуулап жатат. Концертке окуучулар, мугалимдер күбө болууда, деп билдирди кабарчы.

Жина Чавес коштоочулары менен келген. Анын концерти Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы достук үчүн Американын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулду. Араванда концерттик кечесин 11-апрелде баштаган ырчы Ош шаарындагы көрүүсү жана угуусунан жабыркаган балдардын мектеп-интернатында мастер-класс да өтөт.

Аравандагы концерттин алкагында белгилүү ырчы кыргыз тилинде да ырдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×