Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ошто 3 миңден ашык адам жазгы массалык чуркоого чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында жазгы массалык чуркоо иш-чарасы уюштурулду. Спорттук иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев жана мелдештин катышуучулары күбө болушту, деп маалымдайт мэрия.

Массалык чуркоонун алкагында Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күч сынашты. Жалпы катышуучулар эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкка чуркашкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөгө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.

«Бул иш-чара спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө максатын көздөйт», - деди К.Саркарбаев.

Спорттук мелдешке 7 жаштан 70 жашка чейинки 3 миңден ашуун адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 751
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×