Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.04.2018 09:28

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 16-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Москва районунун Петровка айылында аянты 20 чарчы метр курулуш чарбасы толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Оштогу Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында мал сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 80 чарчы метр чатыры жана 160 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×