Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Максым-Тобу айылында дыйкандарга шарт түзүү максатында арыктарга суу тосмолор курулууда (фото)

Turmush -  Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Максым-Тобу айылындагы негизги жолдун боюндагы арыкка суу тосмолор курулууда. Бул тууралуу райондогу суу пайдалануу ассоциациясынын өкүлү Токтоназар Курбанкулов билдирди.

Анын айтымында, тосмолордун жоктугунан жыл сайын сугат суу эгин талааларына толугу менен жетпей келет.

«Биз быйыл суу тосмолорун курууну Максым-Тобу айылынан баштадык. Жалпы жолдун 300 метр жээгине суу тосмолорун куруп жатабыз. Жыл сайын арыктан келген суу жолду жеп кетип жаткан. Муну менен катар эле сугат суу эгин талааларына толугу менен жетпей, дыйкандарга кыйынчылык жаралып келген»,- деди Т.Курбанкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 253
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:12,   22.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×