Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАраван району 16.04.2018 13:37

Ноокаттын жигиттери менен Аравандын кыз-келиндеринин сармерден таймашы өттү

Turmush -  Ошто Аравандын кыз-келиндери менен Ноокаттын жигиттеринин ортосунда «Кыз-жигит» сармерден оюну өттү. Анда Араван районунун кыз-келиндери жеңүүчү болуп, жарым финалга жолдомо алганын маданият үйүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, алар салттуу көрүнүш, өндүрүш жармаңкеси, саламдашуу, акыйнек, элдик ыр, жеке номур, тамаша аткаруу, хор ырдоо боюнча таймашышты. Араван районунун атынан катышкан топто 10 катышуучу өзбек улутунан болсо, 14ү кыргыздар болду. Алардын катарын айдоочу, чебер, мугалим, фермер, дыйкандар толуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×