Turmush - Ошто Аравандын кыз-келиндери менен Ноокаттын жигиттеринин ортосунда «Кыз-жигит» сармерден оюну өттү. Анда Араван районунун кыз-келиндери жеңүүчү болуп, жарым финалга жолдомо алганын маданият үйүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, алар салттуу көрүнүш, өндүрүш жармаңкеси, саламдашуу, акыйнек, элдик ыр, жеке номур, тамаша аткаруу, хор ырдоо боюнча таймашышты. Араван районунун атынан катышкан топто 10 катышуучу өзбек улутунан болсо, 14ү кыргыздар болду. Алардын катарын айдоочу, чебер, мугалим, фермер, дыйкандар толуктады.