Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кара-Суунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт, - Мамэкотехинспекция

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган инспекциянын Кара-Суу райондук башкармалыгы жана ӨКМдин райондук өрткө каршы кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн машыгууда базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай, белгиленген өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес.

«Баш аламан жайылган товарлар, иретсиз орнотулган курулуштар жана соода жайлары Кара-Суу базарынын борбордук көчөлөрүн тарытып, атайын унаанын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада белгиленген өрт өз маалында өчүрүлбөгөңдүктөн аталган базар коопсуздук талаптарына такыр жооп бербегендиги аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Мамэкотехинспекциянын адистеринин айтымында, Кара-Суу базарында буга чейин текшерүү жүргүзүлүп, өрт коопсуздук эрежелери одоно бузулганы аныкталган. Мисалы, базардын аймагында өрткө каршы суу көлмөлөр орнотулган эмес. Кырсык учурунда белиги берүүчү каражаттары жок, чатырлары өрткө туруштук бербейт, электр чубалгылары, жарык берүүчү лампалар өрт коопсуздук эрежелерин одоно бузуу менен орнотулган жана өрт учурунда кирип чыгуу белгилеринин жоктугу аныкталган.

Өрткө каршы берилген көрсөтмөлөр ушул күнгө чейин аткарылбай келет. Буга байланштуу материалдар чогултулуп, базар ээлерине катуу чара көрүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлгөн. Учурда укук коргоо органдары менен биргеликте базарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 964
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×