Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

«Түтүн айлананы каптап турат»: Оштогу таштанды төгүлгөн аймактын тургундары жагымсыз жыт менен жашашат (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы таштанды таштоочу жайдын жанында жашаган жергиликтүү тургундар таштандынын күнү-түнү күйүп, абаны булгап жатканын айтып нааразычылыкка чыгышты. Таштандыдан чыккан жагымсыз жыт жака белинде жашаган жергиликтүүлөрдү көп жылдан бери түйшөлтүп келет.

Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, таштанды күн бою күйүп турат. «Биз жаз келгенде эшикке чыга албай калабыз. Таштандыдан чыккан жагымсыз жыт айлананы каптап турат. Анысы аз келгенсип, таштандыны күйгүзүп коюшат. Кечкисин саат 19:00дөн тарта таштандынын түтүнү айылды каптап баштайт. Айланасында кирпич, арматура иштетүүчү цехтер да бар. Алардан чыккан жыт кошулуп, бизди түтүн каптайт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таштанды таштоочу жайды жылдырып берүүсүн айта берип ишеничибиз деле калбай калды», - дешти жергиликтүү тургундар.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таштанды таштоочу жайды жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок жер табылбай жатканын билдиришти. Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев таштанды төгүүчү жайды курууга 30 гектар жер керектигин айтты.

«Таштанды шаардын өтө олуттуу маселеси. Таштанды таштоочу жай 1956-жылы курулган. Ал шаар кеңейген сайын анын ортосунда калып калды. Айланасында жергиликтүү тургундар жашап жатышат. Биз таштанды таштоочу жай куруу үчүн 10 млн евролук долбоорду ишке ашыруудабыз. 10 млн евронун жарымы насыя, жарымы грант түрүндө Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилип жатат. 5,5 млн еврого таштанды таштоочу жай курабыз, ал эми 4,5 млн евро жаңы техникаларды сатып алууга жумшалат. Таштанды таштоочу жай курууга кеминде 25 гектар жер талап кылынат. Биздин шаарда мындай чоң аянттагы бош жер жок болгондуктан райондор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буга чейин Кара-Суу районун Шарк айыл өкмөтүнөн 30 гектар жер сурап кайрылганбыз. Биз сураган жер трансформация болуп кетиптир. Андан соң Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө кайрылдык. Ал жактан да колдоо тапкан жокпуз. Эми Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнөн жер сурап жатабыз. Жакында жергиликтүү кеңештин депутаттарына жолугуп, баяндама жасап келебиз. Жер маселеси чечилсе эле таштанды таштоочу жай курулуп, Жапалактагы таштанды төгүлүүчү жай техниканын жардамында топурак менен жабылып, дарактар эгилет», - деди А.Топчубаев.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Замир Юсуповдун айтымында, жергиликтүү тургундар иштеп жаткан цехтердин атына бир да жолу арыз жазып кайрылган эмес.

«Быйылкы жылы бизге арматура жана кирпич чыгаруучу ишканалардын үстүнөн арыз менен бир да тургун кайрылган жок. 2 жыл мурун кайрылганда биз барып, маселелерин чечип келгенбиз. Эгер ишканалардан чыккан жагымсыз жыт элге зыянын тийгизип жатса, жеринен текшерилет», - деди З.Юсупов.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Асан Мамыраимов Жапалактагы арматура чыгаруучу цехтен чыккан жагымсыз жытты аныктоо үчүн убактылуу от казанын иштетүү токтотулганын билдирди.

«Таштанды ыргытуучу жайдан жагымсыз жыт чыгып жаткандыктан аны көзөмөлдөгөн ишканага 10 миң сом айып пул салдык. Аларга таштандыны өрттөбөй жок кылуу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле арматура чыгаруучу цех да текшерилди. Ал жерде от казандын иштөөсү убактылуу токтотулду. Бирок алардын тийиштүү документтери бар. Биз учурда талдоо жүргүзүп жатабыз. Эгер толук кандуу экологиялык нормаларга жооп берсе, ишкана ишин уланта берет. Ал жерде негизинен таштандынын жыты элди көбүрөөк түйшөлтүп жатат. Негизи таштанды таштоочу жай жергиликтүү тургундардан алыста жайгашышы керек», - деди А. Мамыраимов.

Арматура чыгаруучу цехтин менеджери Зухра Юбуза ишкана мыйзам чегинде иш алып барып жатканын билдирди. «Жергиликтүү тургундар ооруп калса деле бизден көрө беришет. Бул жерди таштандыдан чыккан жагымсыз жыт каптап турат. Түнү иштейсиңер деп да чыгышты. Бирок биздин кызматкерлер кечки саат 07:00гө чейин гана иштешет. Биз жыл сайын жергиликтүүлөргө жардам берип келебиз. Өткөн жылы таза суу чыгарууга көмөктөшкөнбүз», - деди З. Юбуза.

Учурда таштанды төгүлүүчү жай 56 гектар жерди ээлеп турат. Ал жерге күнүнө 1,100-1,200 куб таштанды төгүлөт. Ал эми дезинфекциялоо иштери жаз, жай мезгилдеринде ай сайын 12 жолу жүргүзүлүп турат. Быйылкы жылы таштандыны зыянсыздандыруу ишине Ош шаардык бюджетинен 1 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1464
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×