Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Ош шаарынын көчөлөрүнө 2,4 млн сомго алынган жаңы таштанды контейнерлери орнотулат (фото)

Turmush -  Ош шаарына жаңы таштанды таштоочу контейнерлер алынып келди. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» ишканасынан билдиришти.

Ишкананын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында, алар Черемушка аймагындагы чирип, тешилген контейнерлердин ордуна коюлат.

«Ишкананын бюджети көбөйүп, өз эсебибизден алгачкы жолу жаңы техникаларды, контейнерлерди сатып алып жатабыз. Чындыгында таштанды салуучу контейнерлердин көпчүлүгү эскирип, чирип, таштандылар төгүлүп калган учурлар болуп жатат. Жакынкы жердеги тамактануучу жайдагылар, нан, самса, шишкебек бышыргандар ысык күлдү өчүрбөстөн төгүп, анын оту тутанып, контейнерлердин сыры кетип жатат. Бул шаар тургундарынын акчасына алынып жаткандан киийн элибиз да ар бир буюмду жакшы сакташы керек», - деди Т.Капаров.

Жаңы контейнерлер ишкананын өз эсебинен алынды. Жалпы 40 контейнер жаңыланып, алар шаардын көчөлөрүнө орнотулат. Контейнерлерди сатып алууга 2 млн 480 миң сом сарпталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1064
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×