Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Чүй

Сокулуктагы мейманкана менен саунада сойкукана уюштурган аял кармалды

Turmush -  Чүй облусунда милиция кызматкерлери сойкукана уюштурууга шектүү делген аялды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден 17-апрелде билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматына Сокулук районундагы мейманканада жана саунада интим кызмат көрсөтүүчү көмүскө жай иштеп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Чүй ОИИБдин кызматкерлери аталган факты аныктоо максатында оперативдүү иштерди жүргүзүшкөн.

«Оперативдүү иштердин жүрүшүндө мейманкана менен саунада сойкулук менен алектенүү фактысы тастыкталган. Тинтүү учурунда купюралар жана башка далил буюмдар алынган», - деп айтылат маалыматта.

Аталган ишти уюштурууга шектүү делип Чүй облусунун 52 жаштагы тургуну кармалган. Аталган факт боюнча Сокулук РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштуруу жана иштетүү»)боюнча кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 986
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×