Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 17.04.2018 18:20 На русском

Айыл турмушу: Оштук М.Усманов 14 жылдан бери жума сайын Баткенге келип самса жасап иштейт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Мурхахит Усманов 14 жылдан бери Баткенге келип, самса жасап иштеп кетет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Баткенге жума сайын келип турат.

«2004-жылдан бери Оштон Баткенге келип самса бышырып иштеп келем. Күнүнө 150 самса жасап сатам. Күнүмдүк киреше орто эсеп менен 1000 сом болот. Самсадан сырткары нан да жабам. Мени менен кошо Оштон келген 2 бала бар. Үчөөбүз бирге иштейбиз. Үй-бүлөм Ошто турат. Ушул тандырдан тапкан акчам менен үй-бүлөмдү камсыздап келем. Айына 30 миң сомдой киреше табам. Оштон барып келгендин кыйынчылыгы деле жок. Ошто самсачылар көп болгондуктан, бул жакта атаандаштар аз», - деди ал.

Мурзахит Усманов 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×