Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 18.04.2018 10:09

Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Turmush -  Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизинде Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Обозов Мелис Абдыразакович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп дайындалды.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттин директору Кутманалы Абдрахман уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Ал мэриянын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду муниципалдык ишканасынын башчысы болуп дайындалды.

Ош шаарынын мэринини жардамчысы Ташиев Чыңгыз Ураимжанович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, конкурстук тандап алууга чейин мэриянын алдындагы турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ташиев Чыңгыз Ураимжанович

imgonline-com-ua-Frame-blurred-KzPiJjizb4o25

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×