Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусу, Ош 20.04.2018 11:27 На русском

Айыл турмушу: 6 айлык маянасына айгүл гүлдүн көчөтүн сатып алган З.Камалдинова короосун гүл бакчага айландырды (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарынын Дача айылына караштуу Тюльпан тилкесинде жашаган 72 жаштагы Зирохан Камалдинова 6 айлык маянасына айгүл гүлүнүн 1 даана көчөтүн сатып алган. Учурда сейрек кездешүүчү айгүл гүлүнүн саны 50 жеткенин аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, гүлсүз жашоосун элестете албайт. Учурда короосу гүл бакчага айланып, 4 мезгил гүлдөрү ачып турат. Ал гүлдөн эргүү, ырахат алып, анын ар бирине жаш баладай мамиле жасайт.

«Мен бул аймакка 1982-жылы көчүп келдим. 1995-жылы орус улутундагы жолоочудан айгүл гүлүнүн 1 даана көчөтүн сатып алгам. Ал учурда айлык маянам 17 сом эле. Бир даана айгүл гүлүн 100 сомго сатып алганым эсимде. Аны сатып алганда аты кандай экенин билген эмесмин. Мага жолоочу дүйнөдө сейрек кездешкен гүл деп гана саткан эле. Бул гүлдүн гүл ачканын көрүү үчүн 7 жыл күттүм. 2002-жылы гана алгачкы жолу гүл ачты. Андан кийин Баткендеги айгүл гүлү менен салыштырып көрсөм, экөө бир гүл болуп чыкты. Азыр гүлүмдүн саны 50гө жетип калды. Гүлдүн бул түрү сууну сүйбөйт. Биз кышкысын гана кар менен суугарып коебуз. Жыл сайын ар кайсы аймактардан студенттер, мугалимдер келип, айгүл гүлү менен сүрөткө түшүп кетишет. Менин гүлүм Баткендеги айгүл гүлгө салыштырмалуу 15-20 күн мурун гүл ачат», - деди ал.

З.Камалдинованын короосунан жоогазын, нарцисс, сирень, астра сыяктуу гүлдүн бир нече түрүн көрүүгө болот.

«Жолдошум дагы аябай гүлгө жакын эле. Мен канчалык кымбаттыгына карабай гүл сатып алсам, ар дайым мени кубаттап турчу. Экөөбүз гүлдөр ачкан мезгилде кошо карап, ырахат алчубуз. Жолдошум каза болгондон кийин гүлдөрдү өзүм карап келем. Аларды сатыкка чыгарбайм, сурап келгендерге гана берем. Гүл адамдын жан дүйнөсүн тазартат. Ал гүлдөгөн мезгилде өзүмдү бейиште жашап жаткандай сезем. Кышы-жайы короодо гүлдөр ачып, көрк берип турат», - деди ал.

Каарманыбыз гүлдөн сырткары тоок багууну да өздөштүрүп алган.

«Учурда 3 тукумдагы 60ка жакын тоогум бар. Күнүнө 30-35 даана жумуртка берет. Жумурткаларды кардарларга алып барып тапшырам. Короодо малыбыз дагы бар. Малды балам багат. 1 кыз, 2 уулумдун апасымын. Өзүм татар улутунун кызымын», - деди З.Камалдинова.

Ал айылдын Тюльпан аталып калганына кошуналарынын баары жоогазын гүлүн өстүргөнү себеп болгонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×