Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ноокат 20.04.2018 10:07

Ноокатта өткөн «Мыкты үй-бүлө» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ноокат шаарындагы мектептерде «Мыкты үй-бүлө» аталышындагы сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, сынак мектеп окуучулары жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо жана ата-энелер менен мугалимдер ортосундагы байланышты күчөтүү, ошондой эле энелер мектебин түзүү максатында шаардык мэрия тарабынан уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунга А.Абдубаитов атындагы орто мектеп татыктуу болду. Ал эми, 2-орунду Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы мектептер, 3-орунду Н.Крупская орто мектебинин ата-энелери багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×