Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ош

Видео — Алайда окуучу кыз атасынын унаасы менен 5 жаштагы баланы сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Кечээ, 22-апрелде саат 15:00 чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагында окуучу кыз атасынын унаасы менен 5 жаштагы баланы сүзүп өлтүрдү. Бул маалыматты ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя Алай көчөсүндө болгон. 8-класста окуп жаткан кыз атасынын «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып, 5 жаштагы баланы уруп алган. Жабыркаган бала оор абалда Алай аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Наристе бүгүн, 23-апрелде саат 06:30 чамасында каза болду.

Алай аймактык ооруканасынан жол кырсыктын кесепетинен каза болгон наристенин эки санын сөөктөрү сынып, ичинен жаракат алып, ички органдары жабыркаганын билдиришти. Ошондой эле ал төртүнчү даражадагы шок абалда болгон. Жансыз дене укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Кийинчерээк ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 15 жаштагы кыз наристени унаа менен сүзүп кеткенин тастыктады.

Маалыматка караганда, топтолгон материалдар Алай РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөө тарабынан юридикалык баа берилет.

Буга чейин Ош облусунда мындай фактылар бир нече жолу катталган. 2017-жылдын 19-декабрында саат 15:00 чамасында Араван районунун Маңгыт айылында 1,5 жаштагы кызды автоунаа сүзүп кеткен. Унааны 8-класста окуган бала башкарып жүргөн. Ал унаа атасына таандык болчу.

Алардын кошунасы — 1,5 жаштагы Раяна оор абалда (2016-жылы 26-майда төрөлгөн) Араван аймактык ооруканасына жаткырылып, ошол жерде каза болгон.

2017-жылы 20-августта саат 20:00 чамасында окуучу 3 жаштагы баланы жана 25 жаштагы кызды унаа менен сүзүп кеткен.

Жапалак айылынын 2002-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан унаа анын атасына тиешелүү болчу. Ал эми жабыркаган бир туугандар унаа жолдун жээгинде бара жатышкан. Окуянын кесепетинен 25 жаштагы М.А. буту сынып, ооруканага кайрылган. Анын 3 жаштагы иниси жаракат алган эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4503
Көп окулду
×