Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

А.Кангелдиев «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору кызматынан бошотулду

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Абдыкайым Кангелдиев кызматынан бошотулду.

Аталган музейдин директорунун орун басары Хайрулла Ибайдиллаев билдиргендей, А.Кангелдиев жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өткөн жумада кол коюлган.

А.Кангелдиев аталган кызматка 2017-жылдын 18-августунда дайындалган болчу. Ал буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратындагы билим берүү жана маданият секторунун башчысы болуп эмгектенген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×