Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуАлай району 24.04.2018 10:13

Айыл турмушу: Тажикстандан мал алган С.Аскарбеков 160 кг эт берген гиссар койлордун санын 150 башка жеткирди (видео, фото)

Turmush -  Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Кердегей айылынын 37 жаштагы тургуну Сагын Аскарбеков 6 жылдан бери таза кандуу гиссар койлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзгөчө тукумдагы койлор 160 килограммга чейин эт берип, 1,5 жылда төлдөйт.

«10-класста окуп жүргөндө китептен гиссар койлору тууралуу окуп, кызыгып калдым. Андан бери шарт болбой жүрүп 2012-жылы 10 кой жана 1 кочкор менен иш баштадым. Гиссар тукумундагы койлор 1,5 жылда төл берет. Ал эми жергиликтүү койлор 8 айда төл берип баштайт. Тажикстанга атайын барып, 10 кой жана 1 кочкор алып келгем. Аларды алып келүү абдан кыйын болду. Быйыл Жалал-Абаддан бир гиссар кочкорду 45 миң сомго сатып алдым. 50 койго 1 кочкор коебуз. Учурда менин таза кандуу 150 баш коюм бар. Койлорду көбөйтүп, элге арзаныраак баада берүүнү көздөп жүрөм. Анткени Тажикстандан алып келгендин ордуна менден алса арзаныраак болот», - деди ал.

Эт багытындагы гиссар койлор кышы менен талаадан жемди өздөрү таап жешет.

«Алар жергиликтүү койлорго кошулуп кетпөөсү үчүн элден алысыраак адырларда багам. Жайлоого чыкканда дагы өзүм жалгыз чыгам. Таза кандуу кой алам деген адам койдун артынан жүрүшү керек экен. Гиссар койлордун артыкчылыгы 4 миң метр бийиктикке дагы чыдамдуу болушат. 30 см карды тээп, жем таап жей алышат. Мындан улам менин койлорум кышы менен талаада эле оттошот. Кечкисин гана 400 граммдан жем берем. Бул биринчиден тоютка жардам берет. Жылына болгону 2 гана унаа чөп жыйнайм», - деди ал.

С.Аскарбеков гиссар койлорду багуу кирешелүү экенин белгиледи.

«Ургаачы козуларды 8 минден, ал эми кочкорлорун 10-12 миң сомдон сатыкка чыгарам. 100 койдон 100 козу алууга болот. Абдан кирешелүү тармак. Анткени 45 миң сомго бир кочкор алып, 50 койго койгондо 50 козу аласың. Тактап айтканда, бир кочкордон бир жылда 400 миң сомго чейин киреше табууга болот. Гиссар койлордун жүнүн кырпайбыз, жүнү жылмакай болгон үчүн өзү түлөп, түшүп калат. Аябай сүттүү болгондуктан козулары тез торолот. Жылына атайын ар кандай ылаңдарга каршы эмдөөдөн өтүп турушат. Учурда бул койлорго кызыгып, алып кеткендер көбөйө баштады. Койлордун алды 160 килограммдан жогору эт беришет. Токтулар 70-80 килограмм эт берет», - деди ал.

С.Аскарбеков 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×