Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ош

Араванда тургундар тыюу салынганына карабай жайыт багытындагы жерлерде акиташ өндүрүүдө (фото)

Turmush -  Араван районунун А.Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында тургундар жайыт багытындагы жер тилкелеринде мыйзамсыз акиташ өндүрүп жатышат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, айыл тургундары акиташты бышыруу үчүн кичи цех куруп алышкан. Мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдарына аталган цехтин ишин токтотууну кароо жана жайыт жерлерин калыбына келтирүү боюнча эскертүү берилди.

Мындан тышкары, шалаакылык фактысы боюнча айыл өкмөт башчысына карата административдик протокол түзүлдү.

«Эскертүүлөргө карабастан ишкерлер ишмердүүлүгүн улантып жатат. Ал жерде иштеген жарандар үчүн өрт коопсуздук чаралары каралган эмес. Акиташты бышырууда бөлүнүп чыккан химиялык заттар жумушчулардын саламаттыгына терс таасир тийгизет. Жергиликтүү бийик органдарына айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Эгер ишмердүүлүк токтотулбаса ишкерлердин өзүнө жана айыл өкмөт жетекчилерине жоопкерчилик каралат», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 344
×