Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 24.04.2018 11:47

Ош ШИИБдин жаңы жетекчиси М.Боронов өздүк курамга тааныштырылды

Turmush -  Бүгүн, 24-апрелде Ош ШИИБдин башчысы болуп дайындалган Мурат Боронов өздүк курамга тааныштырылды. Жаңы жетекчини ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков тааныштырды.

С.Өмүрзаков Ош ШИИБ буга чейин Кылычбек Жолдошовдун башкаруусунда 2-3 жыл катары менен республика боюнча кылмыштуулук менен күрөшүүдө 1-орунду камсыздап келгенин белгиледи. Ал жаңы жетекчини буга чейинки иштерди дагы да жандандырууга, эл менен бирге болууга үндөдү.

Буга чейин Боронов Мурат Самидинович Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганы маалымдалган. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Кылыч Жолдошевдин ордуна келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×